Бакуда залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун азербайжан тилине которулган чыгармалар жыйнагынын бет ачары болду

Кыргызстандын Азербайжандагы элчилигинде залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун азербайжан тилине которулган чыгармалар жыйнагынын бет ачары болду. КРнын Тышкы иштер министрлигинен бүгүн, 10-ноябрда билдиришкендей, иш-чарада кыргыз жазуучусунун чыгармачылыгы бийик экени белгиленди. Муну менен катар анын чыгармасы азербайжан тилине бийик деңгээлде которулганы айтылды.  

Иш-чаранын жүрүшүндө катышуучулар Азербайжан Эл жазуучу А.Рзаевди Ч.Айтматов атындагы эл аралык сыйлыкка ээ болгону менен куттукташты. Маалым болгондой, бул сыйлык ага 10-ноябрда Москвада тапшырылат.

Аземге Азербайжан Эл жазуучу А.Рзаев, КРнын Тышкы иштер министрлигинин Европа жана Америка департаментинин директорунун орун басары Т.Турсункулов, котормонун авторлору И.Илясли, Т.Гулиев жана башкалар катышышты. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан