Ош шаарында эки күндө 3 адам өз жанын кыюуга аракет кылып, 13 жана 48 жаштагы жарандар набыт болушту

Ош шаарында 8-9-ноябрь күндөрү 2 өз жанын кыюу жана бир өз өмүрүнө кол салуу фактысы катталды. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, Ош шаарынын Турсунбеков көчөсүндөгү үйлөрдүн биринин жашоочусу, 2001-жылы туулган А.К. үйүнүн тандырканасында болжол менен саат 17:30да өзүн өзү асып алган.

Ошондой эле Анар кичи шаарчасында 1966-жылы туулган жаран үйүндө асынып көз жумган.

Ал эми 9-ноябрда Амир-Темир шаарчасынын 1994-жылы туулган тургуну үйүндө даракка асынып алганда туугандары сактап калышты. Учурда өз жанын кыйган жарандардын бул кадамга баруу себептерин аныктоо үчүн Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын оперкызматкерлери, тергөөчүлөр иштеп жатышат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
tengara
2014-11-10 13:33:40
суицид абдан жаман нерсе да, олгон озунун шору...
артында туугандарын,балдарын,ата энесин ойлошот болду бекен.
0
maksymtegin
2014-11-10 16:34:31
аллахым ар бир адамга өзүң туура жол көрсөт ооомин!
+3
Shaira
2014-11-11 06:54:16
Оба эмнегедир ош шаарында акыркы 3жыл ичинде озун озу асып алгандардын саны кобойуп эле баратат. Себебин эч ким билбейт.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан