Сокулук районунда "кайын эжесин зордуктаган" деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, милиция кызматкерлерине арыз менен Күн-Туу айылынын 31 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 6-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Алтынбек аттуу күйөө баласы күч колдонуу менен аны зордуктаганын айткан.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары Ош облусуна караштуу Кара-Суу районунун 34 жаштагы Алтынбек аттуу тургуну кармалган. Учурда шектүү убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.