Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун кызматтык мөөнөтү бүттү

29-январда Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматовдун кызматтык мөөнөтү аяктады. Буга байланыштуу бүгүн, 30-январда премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев менен мэр Мелис Мырзакматов жолугушуу өткөрдү. Жолугушууда Ош шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин мэрдин милдетин Мелис мырза аткара тургандыгы белгилүү болду. Сүйлөшүүдө Ош шаарынын 2012-жылдагы социалдык-экономикалык көрсөткүчтөрү жана быйылкы жылга карата иш пландары да айтылды. Айта кетсек, буга чейин иштеп келген мыйзам боюнча Ош шаарынын жаңы мэри болчу талапкер президент тарабынан сунушталат. А бирок учурда Жогорку Кеңеште талкууланып жаткан "Ош жана Бишкек шаарларынын статусу жөнүндө" мыйзам долбоору кабыл алынып калса, мэрлик орунга талапкерди Ош шаардык кеңешинин депутаттары сунуштамакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан