"Ак марал" мамлекеттик бий ансамбли жана "Камбаркан" фольклордук-этнографиялык ансамбли 7-декабрда Тверь шаарында, 9-декабрда Москва шаарында өтө турган КМШ өлкөлөрүнүн искусство чеберлеринин концертине катышып, таланттарын тартуулашат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, иш-чара КМШ өлкөлөрүнүн арасында маданият жаатында биргеликте иш алып баруу, тажрыйба алмашуу максатын көздөйт.