Сокулук районунда каракчылык фактысына шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Милиция кызматкерлерине 3-ноябрь күнү арыз менен Новопавловка айылынын 23 жаштагы тургуну кайрылган. Анда ал 2-ноябрь күнү саат 22:00 чамасында 20-25 жаштардагы белгисиз адамдар күч колдонуу менен анын планшетин, уюлдук телефонун, 4 миң сом акчасын жана Хонда Фит үлгүсүндөгү унаасын уурдап кеткенин айткан. Аталган иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) жана 172-беренеси (автомобилди же башка автомототранспорт каражатын укукка жат түрдө ээлеп алуу) боюнча кылмыш иштери козголгон. Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 19 жаштагы Жалал-Абаддын А.Нурсултан аттуу тургуну, 22 жаштагы Бишкектин А.Расул аттуу тургуну жана Курулушчулар шаарчасынын тургуну кармалган.
Учурда шектүүлөр өз күнөөлөрүн мойнуна алып, убактылуу кармоочу жайга жайгаштырылып, тергөө амалдары жүрүүдө.