Бишкекте түркиялык атасы тарабынан уурдалган 10 айлык бала изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 10-ноябрда SUPER.KG порталына Октябрь РИИБинен билдиришти.
Маалым болгондой, 8-ноябрь күнү милиция кызматкерлерине А.Ж. аттуу шаардын тургуну кайрылган. Ал
31 жаштагы Д.Озгон (Түркиянын жараны) аттуу жолдошуна карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, саат 19:00 чамасында эс алуучу жайлардын биринен анын күйөөсү 10 айлык Самир аттуу уулун кармап турууга алып, изин суутуп кеткен.
Биз Самирдин апасына кайрылганыбызда, телефонду анын апасы алып “Кызым учурда дары тамчылаткычта жатат. Анын абалы начар, неберем тууралуу ошол бойдон эч кандай маалымат жок” деди.
Белгилүү болгондой, А.Ж. менен Д.Озгон эки жылдан бери никеде турушат. Учурда бул иш боюнча кылмыш ишин козгоо маселеси каралууда.
Кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү номерлерге байланышып, кабарласаңыз болот: (0 312) 54-41-84 же 102, 0556 10-23-52, 0552 88-28-35.