Психолог: "Балдар үйүнөн чыккан балдардын 40 пайызы кылмышка аралашып кетүүдө"

"Балдар үйүнөн чыккан балдардын 40 пайызы кылмышка аралашып кетүүдө",- деди бүгүн, 10-ноябрдагы маалымат жыйынында "Альтернативаларды өркүндөтүү" коомдук бирикмесинин башчысы, психолог Айгүл Кызалакова.
Анын айтымында, интернаттык мекемелерде жашаган балдардын коомго аралашуусу үчүн ыңгайлуу шарттар түзүлбөй жатат. "Мындан улам алар өлкөнүн маданий-экономикалык өнүгүшүнө өз салымын кошууга жөндөмсүз болушат. Мисалы, Орусияда интернаттарда тарбияланган балдардын 70 пайызы коомго кошула албай жашап калышат. Кыргызстанда болсо балдар үйүндө тарбияланган балдардын 10 пайызы өз жанын кыйса, 40 пайызы кылмыш чөйрөсүнө аралашат. Дагы 40 пайызы, тилекке каршы, баңгизат колдоно баштайт",- деди психолог.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан