Чүй облусунда “4 жашар кызды зордуктаган” деп шектелип өгөй атасы кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, милиция кызматкерлерине Сокулук районунун тургуну кайрылган. Анда ал 4 жашар кызын белгисиз адам зордуктап салганын айткан. Бул боюнча экспертизалар дайындалып, иликтөө иштери башталган болчу. Экспертизанын жыйынтыгында кыздын зордукталганы аныкталган. Ал эми кылмышка шектүү катары кыздын апасы менен бирге жашаган өгөй атасы кармалган. Учурда “зордуктоо” беренеси боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.