Бишкекте каза болгон жарандын үйүн мыйзамсыз менчиктештирип, сатып жиберген факты боюнча кылмыш иши козголду

Бишкекте каза болгон жарандын үйүн мыйзамсыз менчиктештирип, сатып жиберген факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, 2006-жылы Ишкердикти колдоо фонду аркылуу Ж.Р. аттуу жаранга 2 жылдык мөөнөт менен 150 миң сом насыя берилген. Буга күрөө катары Бишкектеги жаңы конуштардын бириндеги үйүн койгон. Бирок насыя алуучу толук төлөп бүтө электе каза болуп калган. Анын өлүмүнөн соң байкеси үйгө мураскор катары ээлик кылган. 2009-жылы үйдү өзүнүн менчиги катары каттатып, башка жаранга сатып жиберген. Иликтөөдө каза тапкан айымдын кызы жана баласы бар экени аныкталган. Мыйзамга ылайык, алар үйдүн мураскору болушу керек эле. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан