Кыргызстанга кыш мезгилинде 20 миң турист келет

2020-жылга чейин Кыргызстанда кышкы туризм тармагы туруктуу өнүгүп, туристтердин саны 5 эсеге өсө тургандыгын бүгүн, 30-январда Туризм боюнча ишкерлер биримдигинин төрагасы Михаил Халитов билдирди. 

“Тоо-лыжа туризми жылдан-жылга өсүүдө. Бүгүнкү күндө Кыргызстанга кыш мезгилинде 15-20 миң турист келсе, 2020-жылга чейин 70-80 миңге чукулдап калат” деди ал. Ошондой эле Кыргызстандагы туризм ресурстары коңшу Казакстан өлкөсүнүкүнөн кем эмес экендигин айткан Халитов, кышкы туризм өнүксө, Казакстанга салым кошуп жаткан көптөгөн инвесторлор Кыргызстанга келе тургандыгын белгиледи. 

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан