Талас облусунда күйөөсү аялын сабап, анын кесепетинен жабырлануучу каза тапты. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 11-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кечээ, 10-ноябрь күнү Кара-Буура районундагы үйлөрдүн биринен киши колдуу болуп каза болгон аялдын жансыз денеси табылган. Күч органдары тарабынан бул кылмышка шектүү катары маркумдун 1959-жылы туулган күйөөсү кармалган. Кылмышка шектүүнүн айтымында, ал мас абалында аялын сабап, үйүнөн чыгып кеткен. Ал эми жабырлануучу алган жараатынан улам эсине келе албай каза тапкан. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.