13-ноябрда борбордо залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракеси салтанаттуу белгиленет

13-ноябрда Бишкектеги Улуттук филармонияда залкар манасчы Саякбай Каралаевдин 120 жылдык мааракесине арналган салтанаттуу иш-чара орун алат. Бул тууралуу КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалым болгондой, аземге Саха Республикасынын Депутаттар Жыйынынын төрагасы Александр Жирков, КРнын бийлик өкүлдөрү, КРнын Маданият, маалымат жана туризм министри Алтынбек Максүтов катышышат.

Иш-чарада якут тилине которулган С.Каралаевдин вариантындагы “Манас” эпосунун бет ачары болот, манасчынын өмүр жолу чагылдырылган даректүү тасма көрсөтүлөт. Ошондой эле концерттик программа уюштурулат. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан