12-ноябрда Бишкектеги Улуттук китепканада окумуштуу-гидролог, техника илиминин кандидаты, КРнын Улуттук илимдер академиясынын академиги Дүйшөн Маматкановдун 80 жылдыгына арналган "Кыргыз илиминин патриархы, элибиздин сыймыгы" аталышындагы китеп-иллюстрациялык көргөзмө ачылат. Аталган китепканадан билдиришкендей, көргөзмө эки бөлүккө бөлүнөт: "Бакыт эмгектен жаралат" жана "Бакыт даңкка жеткизет". Көргөзмөгө Д.Маматкановдун өмүр жолу тууралуу жазылган гезит-журналдардагы макалалар, окумуштуунун китептери, монографиялары, фотодокументтери коюлат. Иш-чарага мамлекеттик жана коомдук бирикмелердин, министрликтердин өкүлдөрү, илим жана маданият ишмерлери, Д.Маматкановдун туугандары, студенттер катышышат.
Д.Маматкановдун калеминен 200дөн ашуун илимий эмгектер жаралган. Анын эмгектери өлкөдөгү гидроэнергетиканын өнүгүшүнө салым кошуп келет. Ал көптөгөн шакирттерди даярдап чыгарган. Анын жетектөөсү алдында 10 кандидаттык диссертация жана бир докторлук иш жакталган.