Бишкекте "жеке ишкананын 700 миң доллар акча каражатын уурдаган" деп шектелген кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды

Бишкекте “ЖТ Форвард” ЖЧКсынын 700 миң долларын алып кеткен топтун бир мүчөсү кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Александр Белунскас билдирди.

Анын айтымында, 29-октябрь күнү саат 16:49 чамаларында Октябрь РИИБинин нөөмөт кызматына А.Токомбаев кең көчөсүндө жайгашкан “ЖТ Форвард” ЖЧКсын тоноп кеткендиги тууралуу маалымат түшкөн.

Аталган ишкананы тоноо максатында бет капчан 18-20 жаштар чамасындагы белгисиз адамдар 8-кабатка тепкич аркылуу чыгышкан. Алар “Джино” ишканасынын кызматкерине карата күч колдонуп, оозун скотч менен чаптап, ишкананын кеңсесине киришкен. Андан соң темир сейфти талкалап туруп акча каражатты алып чыгып кетишкен. Аталган ишкананын жетекчисинин айтымында, сейфте 700 миң доллар болгон”,- дейт А.Белунскас.

Бул иш боюнча КРнын Кылмыш-жаза кодексинин 168-беренеси (каракчылык) менен кылмыш иши козголгон.

Белгилүү болгондой, иликтөө иштеринин натыйжасында окуя болгон жердеги камерага түшүп калган 25 жаштагы Н.Азамат аттуу шаардын тургуну шектүү катары кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kalpakkg
2014-11-11 16:01:25
ошончо болуптур камераны өчүрүп салышпайбы, уурулук кылуу да адистикти талап кылат, даярданыш керек болчу кинодогудай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан