28-январдан 3-февралга чейин өткөн шайлоодо ар кандай себептер менен шайланбай калган мэр жана айыл өкмөт башчылары үчүн 12-февралда кайрадан шайлоо болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы маалымдады. Маалыматка ылайык, мэр жана айыл өкмөт башчыларын шайлоонун бүгүнкү күнгө чейинки жыйынтыгы боюнча шаардык жана айылдык кеңештеги кворумдун жоктугунан, ошондой эле жетиштүү добуш ала албай калгандыктан бир катар шаар, айылдарда мэр жана айыл өкмөт башчылары шайланбай калган. Алардын катарында Кайыңды, Баткен, Көк-Жаңгак,Майлы-Суу жана Жалал-Абад шаарлары жана 14 айыл өкмөт бар.