Жал кичи районунда Бишкектин тургунун тоноого аракет кылып ок чыгарган 3 жаран кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 11-ноябрда маалымат жыйынында Бишкек ШИИББинин жетекчисинин орун басары Александр Белунскас билдирди.
Маалым болгондой, окуя 1-июль күнү саат 08:00 чамасында болгон. Ишканалардын биринде соода агенти болуп иштеген шаардын 32 жаштагы тургуну жумушка кетип бара жаткан. Аны үйүнүн жанынан 25-30 жаштар чамасындагы 3 жаран ок атуучу курал менен коркутуп, акчасын тартып алууга аракет кылган. Белгилүү болгондой, жабырлануучу ал күнү кассага чогултулган акчаны алып бармак. Аны тоноого аракет кылганда ал каршылык көрсөткөн, ага карата кылмышкерлер ок чыгарган. Жабырлануучу окуя болгон жерден унаасына отуруп качканга жетишкен. Кийин ал №4-шаардык ооруканага түшүп, анын денесинен эки желим ок алынган.
“Иликтөө иштеринин натыйжасында шектүү катары 3 баладан турган топ кармалды. Алардын баары тең Чүй облусунун 33 жаштагы О.Кубан, 20 жаштагы К.Эламан жана 18 жаштагы Т.Бегалы аттуу тургундары. 8-ноябрь күнү шектүүлөргө карата 168-берене (каракчылык) боюнча кылмыш иши козголуп, №1-СИЗОго жайгаштырылды. Учурда шектүүлөр өз күнөөсүн мойнуна алышкан, ошондой эле алардын башка кылмыштарга тиешеси бар же жоктугу текшерилүүдө”,- дейт А.Белунскас.