
* Мындан 79 жыл мурун, 1935-жылы советтик актриса жана эстрада ырчысы
Людмила Гурченко Харьков шаарында чыгармачыл инсандардын үй-бүлөсүндө туулган. Ал 1956-жылы студент кезинде Эльдар Рязановдун "Карнавалдык түн" аттуу музыкалык комедиясында Леночка Крылованын ролун жараткан. Актриса "Беш мүнөт" ырын аткарып, көптөгөн көрүүчүлөрдүн эсинде калган. Анын эң жакшы аткарган ролдору деп "Согушка чейинки беш күн", "Сибириада", "Беш түн", "Вокзал экөө үчүн", "Сүйүү жана көгүчкөн" ж.б. тасмаларындагы образдар эсептелинет.
2011-жылы Гурченко үйүнүн жанынан жыгылып кетип, жамбашын сындырып алган. Кийинки күнү ооруканага жеткирилип, операция жасалган. 30-мартта актрисанын абалы оорлоп, жүрөк оорусу күч алып, саат 19:28де 76 жашында каза тапкан.
* Мындан 34 жыл мурун, 1980-жылы "Даңазалуу кылым" телесериалындагы Махидеврандын ролун аткарган түрк-немис актрисасы
Нур Айсан Германиянын Дуйсбург шаарында туулган. Анын ата-энеси Түркиядан төрт баласы менен мигрант болуп Германияга келген. Нур Айсан орто билимге Түркиянын Бешикташ шаарында ээ болуп, андан кийин Халич университетинде кийимдердин дизайны боюнча бөлүмдө окуган. Окууну аяктагандан кийин банкта иштеп, кийинчерээк телевидениеде диктор болгон. 2007-жылы Нур Айсанды түрк телевидениеси сериалга тартылууга чакырышат. Анын биринчи түшкөн тасмасы "Какой из меня отец?" аттуу фильм болгон. Бул тасма аз бюджеттүү болгондуктан, анча тааныла алган эмес. 2008-жылы дагы бир сериалга тартылып, Нур түрк элине таанымал боло баштайт. 2011-жылы "Долина волков: Палестина" тасмасында образ жараткан. Ошол эле жылы "Даңазалуу кылымдагы"
Махидеврандын ролуна чакыруу түшкөн.
* Мындан 49 жыл мурун, 1965-жылы Майамиден Нассауга багыт алган 600 жүргүнчүсү жана экипаж мүчөсү бар англиялык "Yartmouth Castle" кемеси белгисиз себептерден улам өрттөнгөн. 3 суткада кеме толук күйүп, чөгүп кеткен. Жыйынтыгында 92 киши каза болуп, 400 киши оор күйүк алган.
* Мындан 3 жыл мурун, 2011-жылы Казакстандын Тараз шаарында 34 жаштагы жан кечти өзүн өзү жардырып жиберген. Ок атышуу менен жардыруу орун алган окуяда 7 адам, анын ичинен 5 укук коргоо кызматкери набыт болгон. 1977-жылкы жан кечти курал-жарак сатуучу дүкөндүн кароолчусун өлтүрүп, ал жерден эки мылтык уурдап чыккан. Аны кармоо учурунда өзүн өзү жардырып жиберген. Натыйжада аны куралсыздандырууга аракет кылган полициянын капитаны каза тапкан.