“Чыгыш электр” жана “Түндүк электр” ишканасынын башкы директорлору кызматтан бошотулушту

Кыргызстанда “Чыгыш электр” жана “Түндүк электр” ишканаларынын жетекчилери кызматтан бошотулушту. Бул тууралуу аталган ишканалардын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык “Чыгыш электр” ишканасынын башчысы Жыргалбек Турускулов 28-январда өз каалоосу менен арыз жазып, кызматынан кетти. Анын милдетин убактылуу аткаруучу болуп аталган ишкананын техникалык директору Шамза Соодонбеков дайындалды. Ал эми “Түндүк электр” ишканасынын жетекчиси Искендер Кадыркуловдун ордуна аталган ишкананын техникалык директору Кубанычбек Турдубаев дайындалды. 
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан