Чүй облусунда Шабдан баатырдын 175 жылдыгына карата уюштурулган салтанаттын жүрүшүндө КРнын Премьер-министри Жоомарт Оторбаев баатырдын жашоосу тууралуу тасма тартыларын билдирген. Ошондой эле долбоор ушул жылдын аягына чейин бекитилерин, тасманын сценарийин жазуу үчүн 100 миң сом жана тасма тартууга 10 миллион сом бөлүү каралып жатканын айткан.
Тасманы режиссёр Эрнест Абдыжапаров тартары да белгилүү болгондон кийин ал 11-ноябрда SUPER.KG порталына фильм жөнүндө кыскача айтып берди.
"Шабдан баатыр тууралуу тасма тартабыз дегенибизге 4-5 жыл болуп калды. Шабдан баатырдын фондунда анын чөбөрөсү Жаңыл эже жана Каныбек Иманалиев менен жолугуп, сүйлөшүп калдым. Ошондо кино тартуу тууралуу айтылып, "Сен тартпайсыңбы? Жардам беребиз" деп сунуштап калышты. Мен макулдугумду бердим. "Албетте, тарыхты сөзсүз түрдө көрсөтүш керек. Каражат табылса, мен тартканга даярмын" дедим. Ошондон баштап Шабдан баатыр жөнүндө маалымат чогултуп жүргөм",- деди режиссёр.
Буга чейин кыска метраждуу тарыхый тасма тартканын, режиссёрлор тасма тартарда атайын сынактан өтүп, бекитилиши керектигин кошумчалап: "Акыркы жылдарда Курманжан датка тартылгандан кийин Шабдан баатыр тууралуу да тасма тартылышы керектиги айтылып калды. Аны деле мен тартам деген эмесмин, бул жерде сынак жарыяланып, талапкерлер каралышы керек. Долбоор боюнча буюртма түшкөндөн кийин атайын редколлегия ким тартыш керектигин тандайт",- дейт Эрнест Абдыжапаров.
"Маалыматтарды, документтерди чогултуп келгеним менен, бир дагы жерде мен тасма тартканы жатам деп айткан эмесмин. Бирок коомчулукта Эрнест Абдыжапаров тартат деген пикир жаралып калган. Кийин премьер-министр да Каныбек Иманалиевдин демилгесин "ушулар тартышсын" деп ишеним көрсөтүп, жеке пикирин айтты. Анан сценарийге деп 100 миң сомду өкмөттүн фондунан тартуулады. "Баштагыла, формалдуу жагы бүткөнгө чейин сценарийди бүтүрө бергиле" деп мотивация кылды.
Албетте, кинонун кандай тартылышы ойлонулган. Эми муну кагаз бетине түшүрүү зарыл. Сценарий боюнча баатырдын көз жумган учуру тартылат. Аны менен коштошуу үчүн көп адам келген. Өлөр алдында касташпагыла деген керээздерди айткан экен. Шабдан атабыз боюнча тарыхта материалдар көп, документтер бар. Бүт жасаган иштери документтерде сакталып калган. Тартууда кыйынчылыктар жаралбайт деп ойлойм",- деди режиссёр.