Алдамчылык жана тоноо фактысына шектелип уюшкан кылмыштуу топтордун биринин мүчөсү кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, кармалган И.С. аттуу жаран алдоо жолу аркылуу Нарын облусунун тургунунан 120 миң сом алган, бирок аны кайрып берген эмес. Ошондой эле ал үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Нарын шаарынын тургунунун кымбат баалуу уюлдук телефонун тартып алган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү кармалган. Иликтөө иштеринин жүрүшүндө кармалган жарандын вале-тудо боюнча машыктыруучу экени белгилүү болгон. Азыркы тапта анын ушуга окшогон башка кылмыштарга да тиешеси бар экени иликтенүүдө.