Жалал-Абад шаарында контрафакттык алкоголдук продукциялар алынды. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Салык кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, рейддин жүрүшүндө “Ал-Суу” ишканасына таандык болгон кампадан бөтөлкөнүн көлөмүнө дал келбеген акциздик маркалар чапталган алкоголдук ичимдиктер табылган. Тактап айтканда, 0,25 литрге чапталуучу акциздик маркалар 0,5 литрге чапталган. Ал жерде жалпысынан 3600 алкоголдук бөтөлкө болгон. Салыктык текшерүүнүн материалдары тийиштүү чараларды кабыл алуу үчүн ишкананын катталган орду боюнча салык органына өткөрүлүп берилди.