Кыргызстандын абактарынын аймагына телефон сигналдарын тосуучу жабдыктар орнотулат

 Кыргызстандын абактарынын аймагына телефон сигналдарын тосуучу жабдыктар орнотулат. Бул тууралуу 30-январда КРнын Өкмөтүнө караштуу Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын башкы ыкчам режим башкармалыгынын жетекчиси Орозбек Энтериев маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай чаралардын көрүлүшү түрмөдөгүлөрдүн калп маалымат таратып, коомду дүрбөлөңгө салган билдирүүлөрдү жиберип жатканына байланыштуу. Ошондой эле Энтериев 2012-жылы аялдардын 2-колониясында Евросоюздун жардамы менен тигүү цехи жаңыртылганын айтты. "Учурда бул цехке абактагылар үчүн кийим тигилип, алардын баары атайын кийим менен камсыз болду” деди ал.  
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан