Кадамжай районундагы Марказ айыл аймагынын Арпа-Сай айылында 11-ноябрь күнү саат 17:50дө орто мектепте өрт кырсыгы катталган. Өрттүн кесепетинен мектептин коридору, 1 класстын ДВП менен капталган шыбы, 6 даана пластик эшик жана 2 даана терезе күйгөн. Жалпы аянты 119 чарчы метр. Тилсиз жоо 19:55те толугу менен өчүрүлгөн. Анын чыгышына жылытуучу мештердин жана морлордун туура эмес түзүлүшү себеп болгон. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматы билдирди.