Борбор калаада уурулукка шектелип 41 жаштагы аял кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, күч органдарына Бишкек шаарынын 54 жаштагы Гүлзат аттуу тургуну кайрылган. Анда ал “Дордой” базарынан белгисиз адам сумкасын уурдап кеткенин айткан. Ичинде 50 миң сомго жакын акча болгон. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 41 жаштагы аял кармалган. Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.