Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 12-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 4, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Нарын облусунда 1, Ош шаарында 1, Ысык-Көл облусунда 3 өрт кырсыгы катталган.
Жумгал районунун Байзак айылындагы үйлөрдүн биринде үйдүн 49 чарчы метр шыбы, 4 терезе, 2 эшик, үй оокаттары күйүп кеткен. Өрт отко болгон этиятсыздыктан улам келип чыккан.
Ошондой эле Бишкек шаарындагы Орская көчөсүндөгү үйлөрдүн биринен турак жайдын 2 чарчы метр чатыры, кире беришинин 10 чарчы метр жыгач дубалы, шыбы толугу менен күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.