Аламүдүн районунда адам өлтүрүү фактысынын бети ачылды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын 5-ноябрь күнү Мраморное айылына бара жаткан жолдо азиат улутундагы адамдын жансыз денеси табылган. Сөөктү кароо учурунда маркумдун колу жана оозу скотч менен байланып, киши колдуу болуп өлгөнү белгилүү болгон. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, анын негизинде кылмышка шектүү катары Озёрное айылынын 25 жана 32 жаштагы тургуну кармалган. Алардын айтымында, маркум менен уруша кетип, катуу сабап салышкан. Учурда кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.