Бишкекте табылган 6 айлык ымыркайдын энеси дале изделүүдө

Бишкек шаарында 3-ноябрь күнү Тоголок Молдо - Жибек Жолу көчөлөрүнүн кесилишинен табылган 6 айлык ымыркайдын энеси дале изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда SUPER.KG порталына Бишкек ШИИББинин басма сөз катчысы Олжобай Казабаев билдирди.   

Белгилүү болгондой, ымыркайдын жансыз денесин эки селсаяк аял таштандылардын арасынан таап алган.

Соттук-медициналык экспертизанын жыйынтыгы боюнча ымыркай тоңуп каза болгону аныкталган. Анын жука ороого оролгону жана улуту башка экендиги гана белгилүү. Бул иш боюнча 97-беренеге (киши өлтүрүү) ылайык кылмыш иши козголгон, бирок кылмыштын бети ачыла элек”,- дейт О.Казабаев.

Учурда бул иш боюнча тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Ariet7
2014-11-14 03:12:23
Ооо кудай сактай кор (((((((( :-(((
0
Ariet7
2014-11-14 03:14:14
6айлык болсо жорголоп калмак да может 6айлык болуп торолгон?
0
admin_portal
2014-11-14 10:14:04
Ariet7, Саламатсызбы!
Бул кабардын уландысын төмөндөгү шилтеме аркылуу өтүп окуй аласыз: http://www.super.kg/kabar/news/89187/
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан