Кыргызстандыктар “The Spirit of Nowruz” Эл аралык фотосүрөттөрдүн сынагына катыша алышат. Бул тууралуу Улуу Британиянын Кыргызстандагы элчилигинен 12-ноябрда билдиришти.
Маалым болгондой, бул долбоорго Иран, Ооган, Грузия, Индия, Ирак, Пакистан, Улуу Британия, Кыргызстан, Өзбекстан жана Казакстан мамлекеттери катышат.
Сүрөттөрдө “Нооруздагы дем” темасы чагылдырылышы зарыл. Бул майрам менен байланышкан салттык буюмдар, жаз, башат, пайда болуу, күн менен түндүн теңелүүсү тематикалары камтылган сүрөттөр кабыл алынат. Катышуучулар сынакка 4төн ашык эмес сүрөт жибериши керек.
Сүрөттөр 15-ноябрга чейин кабыл алынат.