Сокулук районунда жол тандабастын айдоочусу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти

Сокулук районунда жол тандабастын айдоочусу жөө жүрүүчүнү сүзүп кетти. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы бүгүн, 12-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, жол кырсыгы кечээ, 11-ноябрь күнү саат 07:30 чамасында Бишкек-Шалта унаа жолунда болгон. Анда Мицубиси Паджеро унаасынын 22 жаштагы айдоочусу Селекционное айылынын тургунун сүзүп кеткен. Анын кесепетинен жабырлануучу ооруканада каза тапкан. Учурда тиешелүү экспертизалар дайындалып, тергөө амалдары жүрүп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
dinooou
2014-11-12 18:12:52
Жол тандабас деген эмне?
0
Dadin1
2014-11-12 18:16:03
dinooou, Внедорожник "Джип" деген мааниде жазылган, так котормосу "Вездеход" болот.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан