Вице-премьер-министр Камила Талиева Бишкекте 30-январь күнү болуп өткөн “Мамлекет жана дин: Диний билим берүүнүн актуалдуу маселелери” аттуу конференцияга катышты. Талиева иш-чаранын жүрүшүндө диний тармактагы айрым олуттуу көйгөйлөргө токтолду.
“Азыркы учурда диний сабатсыздык мамлекетибизге, коомдун аң-сезимине жана саясий кырдаалга терс таасирин тийгизип жатканын моюнга алышыбыз керек. Диний ишмерлер өзүн туура алып жүрүп, элге үлгү болушу керек" деди вице-премьер-министр. Анын айтымында, Муфтият менен мамлекет жетекчилиги биргеликте иш-алып барышы керек.