15-ноябрда Бишкектеги Ч.Айтматов атындагы Мамлекеттик орус драма театрында “Орус премьерасы” аталышындагы Кыргыз театралдык фестивалы өткөрүлөт. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда КРнын Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.
Маалым болгондой, “Орус премьерасы” фестивалы орус адабиятынын драматургдарына, театрдын жаңы, заманбап өнүккөн формасына коомчулуктун көңүлүн бурууга багытталган. Иш-чаранын максаты - орус-кыргыз театралдык мейкиндигинин биримдигин чыңдоо. Фестивалдын калыстар тобун беделдүү театр сынчылары, филологдор, театр изилдөөчүлөр, жазуучулар түзүп, алар өз бааларын беришет. Жеңүүчүлөргө байгелер тапшырылат.