Бишкек шаардык Свердлов РИИБи "алдамчылык" беренеси боюнча шектелип жаткан 32 жаштагы Азамат Рысалиевге издөө салат. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда Бишкек ШИИББинен билдиришти. Маалым болгондой, Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылынын тургуну А.Рысалиев Аламүдүн-1 кичи районунда аны кармоо учурунда милиция кызматкерлерине ок чыгарып, изин суутуп кеткен. А.Рысалиев буга чейин сот жообуна тартылган жана К.Көлбаевдин кылмыштуу тобунун мүчөсү экендиги маалым. Бишкек ШИИББи аталган жаранды кармоого көмөктөшүүнү өтүнөт. А.Рысалиев тууралуу кандайдыр бир маалыматка ээ болсоңуз, төмөнкү номерлерге байланышып, кабарласаңыз болот: (0312) 48-71-68, 48-63-72, 48-63-06, 48-64-23, 48-64-47, же 102, (0771) 48-62-62, (0551) 48-62-62, (0705) 77-43-77 |