Чүй облусунда жалпы жарандык паспортту берүүдө мыйзам бузуулар катталган. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, үстүбүздөгү жылдын жай айында Каттоо кызматына паспорт алуу үчүн жаш кыз кайрылган. Бирок ага мурда да паспорт берилгени айтылган. Иликтөөнүн жүрүшүндө кайрылган кыздын аты менен башка кыздын сүрөтү чапталган паспорт бөлөк жаранга берилгени белгилүү болгон. Ошондой эле сүрөттөгү кыздын 1993-жылы туулган К.А. аттуу Ош облусунун тургуну экени жана буга чейин бир канча жолу паспорт алганы аныкталган.
Учурда Чүй облусундагы Райондук паспорт-визалык жана каттоо бөлүмүнүн кызмат адамдарына карата кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.