Ысык-Көл облусунда 2014-жылдын 9 айында 648 уурулук фактысы катталган. Бул тууралуу 12-ноябрда Ысык-Көл облусунун ИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти. Белгилүү болгондой, былтыркы жылга салыштырмалуу уурдоо фактысы боюнча 32 учурга төмөндөгөн. Ал эми облус аймагында 2014-жылдын 9 айында мал уурдоо боюнча 94 факт катталган. Маалыматка ылайык, мал уурдоо боюнча катталган кылмыштардын ичинен кылмыш издөө бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан 79 кылмыштын бети ачылган.