Бүгүн, 12-ноябрда Бишкектеги Спорт Ордосунда КРнын Эмгек сиңирген артисти, куудул Күмөндөр Абылов жана “Жоролор” куудулдар тобу биргеликте концерт беришти. “Күмөндөрдүн күлкүсү жана "Жоролордун" жоруктары” аталышындагы концерт 1 саат кечигип башталып, көрүүчүлөр залдын 70 пайызын ээлешти. Ыр-күлкү коштолгон кечеде Күмөндөр Абылов менен “Жоролор” тобунун мырзалары күлкүгө суусап келишкен күйөрмандарын боорду эзген тамашалары менен сугарышты. Күмөндөр Абылов кыргыз жана кыпчак тилдүү элдердин элдик оозеки чыгармаларында кенен таралган акылдуу, айлакер Алдар көсөнүн образын жаратса, "Жоролор" тобунун жигиттери ага алданган, пайда издеген соодагерлер болушту. Ал эми куудул Бакыт Мукул сараң байдын ролун аткарды.
Концертте сөзү-обону Күмөндөр Абыловго таандык ырларды КРнын Эмгек сиңирген артисти Токтобүбү Черикчиева, ырчылар Тилекгүл Абылова, Алмаз Касмалиев, "Чоро" тобу аткарып беришти. Кеченин 80 пайызын күлкү номерлери түзүп, ал эки жарым саатка созулду.