Бишкектеги көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө өрт чыгып, 6 жеңил унаа күйүп кетти

Бишкек шаарындагы көп кабаттуу турак үйлөрдүн биринин жер төлөсүндө өрт чыгып, 6 жеңил унаа күйүп кетти. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы бүгүн, 13-ноябрда билдирди.

Маалыматка караганда, тилсиз жоо бүгүн таңга маал катталган. Анда Совет көчөсүндө жайгашкан он бир кабаттуу турак үйдүн жер төлөсүндө өрт чыккан. Өрттүн кесепетинен 6 жеңил унаа толугу менен күйүп, өрт өчүрүүчүлөр тарабынан 11 адам куткарылып, анын ичинен 2 адам шаардык ооруканага жеткирилген. Андан сырткары 30 адам эвакуацияланган. Учурда өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.

Күйгөн унаалар: 

1. Лексус GХ, ээси Э.Р.Жолдубаев;

2. Тойота Лэнд Крузэр, ээси М.Р.Рахимов;

3. Мерседес С 500, ээси Ч.И.Арабаев;

4. Ренж Ровер; 

5. Тойота Камри;

6. Мерседес С 500, ээлери такталууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (11)
goodman02
2014-11-13 09:47:16
жаман эле болуптур го
+1
Akshumkar
2014-11-13 10:45:21
Lange Rover куйуп кетиптир ээххххх
-1
Dadasdasd
2014-11-13 13:02:14
Akshumkar, Андан коро 2 адам жабыркаптыр деп тынчсыздансан.
+2
shiko
2014-11-13 10:48:11
Жонокой машинелер да куйбоптур
+1
clever777
2014-11-13 10:56:35
Жалан кымбат баалуу уунаалар куйгон го. Ким билет балким бироо атайлап жасаган. Эмнеси болсо да канча акча абага кетти ЭХ.
-2
kg.sity93
2014-11-13 11:50:42
Адамдар тируу калганы жакшы болуптур.машина эмне табылат да..жабыркагандар эртерээк сакайып кетишсин.
+3
kursantbek
2014-11-13 11:51:44
только байлар жашайт окшойтко))))
+2
Biinura
2014-11-13 14:40:23
Унааларды куйгузуп эскертуу берсе керек да.
0
aiba_00
2014-11-13 14:42:49
Жалан крутой машиналар экен, крутойлордуку болсо керек, чыгаша болбой киреше кирбейт деп коет. Кырсык каш кабактын ортосунда дейт эмеспи.дагы кудай сактаптыр 11этаждын баары куйуп кетсе эмне болот эле.
+3
danyshman
2014-11-13 14:50:58
Дагы жакшы арасында бей бечаралардын машинеси жок экен москвич жигули дегендер.Крутойлор машинесин кайра таап алышат.
+1
Aksy-13
2014-11-13 19:55:58
кандай машина куйсо деле аябай жаман болуптурда.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан