Акыркы сутка ичинде республика аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, Ноокат районунда 100 даана түк чөп күйүп кетти

Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 7 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 10 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 13-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 2, Жалал-Абад облусунда 1, Баткен облусунда 1, Ош шаарында 1, Ош облусунда 2 өрт кырсыгы катталган.

Ноокат районунун Көк-Жар айыл округундагы үйлөрдүн биринде 2 кабаттуу сарайдын 120 чарчы метр жыгач устундуу, шифер жабылган чатыры, 100 түк  чөп, 4 тонна саман күйүп кеткен. Өрт үй ээсинин 5 жаштагы баласынын от менен болгон шоктугунан улам чыккан.

Ошондой эле Лейлек районунун Катыраң айыл өкмөтүндөгү үйлөрдүн биринин жыгач устундуу, шифер жабылган 182 чарчы метр чатыры, үй эмеректери күйгөн. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан