“Кыргыз почтасы” ишканасынын кызматкерине кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматы бүгүн, 13-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, Б.М. аттуу кызматкер үстүбүздөгү жылдын январь айынан ушул убакка чейин пенсионерлерге берилүүчү 235 миң сомду өзүнө чегерип алган. Учурда бул боюнча “ишенип берилген мүлктү ыйгарып алуу же төлөмөр болуу” жана “документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу” беренелери менен кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүп жатат.