2013-жылы Кыргызстанда айдоо аянттарынын көлөмү 1 миллион 178 гектарды түзөт. Бул тууралуу бүгүн, 31-январда Айыл чарба жана мелиорация министри Чыңгысбек Узакбаев билдирди. Министрдин айтымында, быйыл көп жылдык чөптүн аянты 11 миң гектарга көбөйүп, ал 312,7 миң гектар аянтты түзөт. Ал эми кант кызылчасынын аянты өткөн жылга салыштырмалуу 1,7 миң гектарга көбөйөт же 7,9 миң гектарга айдалат. “2013-жылы бир катар айыл чарба өсүмдүктөрүн айдоо аянты кеңеет, бирок картошка менен пахтанын айдоо аянттары кыскарат”,- деди министр.