Бишкекте 1 жаш 8 айлык баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө

Бишкекте 1 жаш 8 айлык баланы сүзүп, качып кеткен айдоочу изделүүдө. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда жабырлануучунун атасы Хансар Айткулов билдирди.

Анын айтымында, жол кырсыгы кечээ, 12-ноябрь күнү саат 10:00 чамасында Киев жана К.Акиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Анда бала багуучу менен 1 жаш 8 айлык баласын катуу ылдамдыкта келе жаткан Мерседес үлгүсүндөгү унаа сүзүп, айдоочу окуя болгон жерден из жашырып кеткен. Анын кесепетинен ымыркай асфальтка башы менен тийген. Ал эми бала багуучунун буту сынган. Учурда айдоочу изделүүдө. Көргөн-билгендер 0772 32-12-50, 0555 37-53-88 номурларына кайрылышса болот. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
kg.sity93
2014-11-13 13:24:34
Бала аман бекен?,больницага алып барыштын ордуна .качып кеткенин..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан