Ош шаарынын мурдагы мэрин үйүндө сабап, колу-бутун таңып, ири өлчөмдөгү акча каражатын карактап кеткендер кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы бүгүн, 13-ноябрда билдирди.
Маалыматка караганда, 9-март күнү саат 20:30 чамасында белгисиз адамдар Ош шаарындагы турак үйлөрдүн бирине кирип, үй ээсин жана аялын тапанча менен коркутуп, 215 миң сом, 26 600 доллар жана алтын буюмдарды алып кетишкен. Бул боюнча иликтөө иштери жүрүп, кылмышка шектүү катары 3 жаран кармалган. Алар 1979-жылы туулган Арзымат Жайлообаев, 1988-жылы туулган Асылбек Айдаров, 1979-жылы туулган Бактыбек Балтабаевдер болушкан. Учурда дагы эки адам изделүүдө.
Айрым маалыматтар боюнча, жабырлануучу 1995-1996-жылдары Ош шаарынын мэри болуп иштеген Муканбек Алыкулов болгон. Кылмышка шектүүлөр аны жана аялын сабап, буту-колун жип менен таңып салышкан.