Бишкек шаарынын тургунунан Калашников автоматына тиешелүү ок-дарылар табылды

Бишкек шаарынын тургунунун үйүнөн Калашников автоматынын жана көзгө атар мылтыктын ок-дарылары табылган. Бул тууралуу бүгүн, 13-ноябрда Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Белгилүү болгондой, кечээ, 12-ноябрда милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн рейддин жүрүшүндө 28 жаштагы Келечек жаңы конушунун тургуну кармалган. Анын үйүн тинтүүгө алган учурда ага таандык баштыктын ичинен ок-дарылар чыккан. Учурда бул иш боюнча 241-беренеге к атуучу куралдарды, ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жардыргыч түзүлүштөрдү мыйзамсыз алуу, берүү, өткөрүү, сактоо, ташуу же алып жүрүү) ылайык кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары жүрүүдө. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Dadin1
2014-11-13 15:58:43
2010 жылы бандиттерге тараткан автоматтардан болсо керекда.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан