Жалал-Абад облусунда жергиликтүү тургун баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу аталган облустун Ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, 12-ноябрь күнү саат 24:30 чамасында Жалал-Абад ОИИБинин жана Жалал-Абад ШИИБинин баңгиликке каршы күрөшүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан Сузак районунун тургуну кармалган. Аны текшерүү учурунда жанынан 700 грамм гашиш табылган. Азыркы учурда жогорудагы кылмышка шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, алдын ала тергөө иштери жүргүзүлүүдө.