"Ата Журт" партиясынын депутаттары боюнча сот ишине президент Алмазбек Атамбаев жана башкы прокурор Аида Салянова катышпайт

"Ата Журт" партиясынын депутаттары Камчыбек Ташиев, Садыр Жапаров жана Талант Мамытов боюнча кезектеги сот иши бүгүн, 31-январда Биринчи Май райондук сотунда каралууда. Сот ишинин жүрүшүндө мамлекеттик айыптоочу бул окуяга байланыштуу президент Алмазбек Атамбаев менен Аида Салянованы суракка алууга каршы оюн билдирди. Анын айтымында, аларды суракка алууга эч кандай негиз жок. Эске салсак, 25-январда “Ата Журт” партиясынын депутаттары боюнча өткөн сот ишинде Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Икрамидин Айткулов сот ишине президент Алмазбек Атамбаевдин жана башкы прокурор Аида Салянованын чакырылуусун соттон өтүнгөн болчу. 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан