
* Мындан 60 жыл мурун, 1954-жылы 2001-жылдан бери АКШнын президентинин улуттук коопсуздук боюнча кеңешчисинин милдетин аркалап келаткан
Кондолиза Райс Алабамада мугалимдердин үй-бүлөсүндө туулган. Кичине кезинде эле тилге жөндөмдүүлүгү байкалып, испан жана француз тилдерин тез эле өздөштүрүп алган. Адегенде профессионал музыкант болом деп рояль классына тапшырган. Бирок тышкы саясатка кызыгып, Мадлен Олбрайттын атасы Жозеф Корбелдин илимий жетекчилиги алдында докторлук диссертациясын жазган. Илимий карьерасы кереметтүү күч менен өсүп отуруп, акыры АКШнын мамлекеттик катчылыгына дейре жеткен. Райс ата-бала Буштардын чоң ишенимине ээ болгон.

* Мындан 52 жыл мурун, 1962-жылы “Dolce & Gabbana” кийим маркасынын ээлеринин бири
Стефано Габбана Милан шаарында төрөлгөн. Көркөм колледждин графика жана дизайн бөлүмүн аяктаган. 1982-жылы Доменико Дольче менен таанышып, 1985-жылы айымдар, 1987-жылы эркектер үчүн даярдалган биринчи коллекцияларын тартуулашкан. Чыныгы ийгиликке Дольче менен Габбана 1990-жылдарда жетишишкен. Дүйнөлүк мода тарыхында болуп көрбөгөн жаңы моделдерди жаратышкан. Алардын ичинен эң атактуулары: тыш кийимдин да ролун аткара алган кооз ич кийимдер, жылаңач денеге кийилчү костюмдар жана атайын жыртылып, баалуу таштар менен кооздолгон жынсы шымдар. Эки гений Сицилиянын салттарын бузушуп, жесир аялдардын кара кийимдерин укмуштуу кече көйнөктөргө айландырышкан. Кийимдерден тышкары көз айнек, сумка, бут кийим жана башка аксессуарлардын жаңы түрлөрүн жаратышкан. Ошондой эле аларга гана таандык бир катар өзгөчө атыр жыттарын чыгарышкан.

* Мындан 46 жыл мурун, 1968-жылы бельгиялык хирург
Фриц Дером Европада адамдын өпкөсүн алмаштыруу боюнча алгачкы жолу операция жасаган. Аны менен хирург оорулуунун жашоосун 10 айга узарткан.
* Мындан 44 жыл мурун, 1970-жылы АКШнын Хантингтон шаарына жакын жерде Douglas DC-9-31 учагы аэропортко жетпей кыйрап калган. Бортто болгон 75 кишинин (арасында Маршалл университетинин футбол командасынын 35 оюнчусу жана 5 машыктыруучусу да бар) баары каза болгон.