Бүгүн, 31-январда Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Ырысбек Мааткабылов КРнын Дзюдо Федерациясынын президенти болуп шайланды. Бүгүн аталган федерациянын 4-жыйыны болуп, ага катышкан 63 делегаттын 62синин добушу менен федерациянын жаңы президенти шайланды. Эскерте кетсек, федерациянын мурдагы президенти Азамат Бакасов 2012-жылдын 22-октябрында кызматтан алынган.