Бүгүн, 31-январда "ата журтчу" депутаттардын иши каралып жаткан сотто депутат Камчыбек Ташиевдин жактоочусу Азимбек Бекназаров УКМКнын жана ИИМдин кызматкерлерин сот залынан чыгарууну соттон өтүндү. “Көрүп турасыңар, бурчта УКМКга тиешелүү камера коюлган. Бул маселени чечип бериңиз”,- деди Бекназаров сотко төрагалык кылуучу Адылбек Субанкуловго. Депутаттар темир тор артында отургандыктан, соттук ишти кайтаруучуларсыз эле өткөрүүнү суранды.