Ала-Бука районунда өзбек чек арачыларынын огунан каза тапкан жарандын сөөгү туугандарына өткөрүлүп берилди. Бул тууралуу бүгүн, 14-ноябрда Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.
Алдын ала маалыматтарга караганда, кечээ, 13-ноябрь күнү кыргызстандык жаран Өзбекстандын аймагына контрабандалык жүк алып өтүүгө аракет кылган. Бул учурда өзбек чек арачылары ага карата ок чыгарышкан. Ок жеген жаран жараатынан улам ооруканада каза тапкан.
Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына таянсак, окуя аталган райондун Өзөк айылындагы такталбаган аймакта болгон.
Бул апта ичиндеги экинчи инцидент. Буга чейин да 10-ноябрь күнү Кызыл-Кыя - Кадамжай транзиттик унаа жолунда кыргызстандык жарандарга өзбек чек арачылары ок чыгарышкан. Анын кесепетинен бир кыргыз жараны жабыркап, экинчиси кармалган эле.