Жарандык коргонуунун Өрткө каршы күрөшүү кызматынын маалыматы боюнча, акыркы сутка ичинде өлкө аймагында 8 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 8 өрт өчүрүү бөлүмү тартылган.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынын 14-ноябрда берген маалыматына ылайык, Бишкек шаарында 1, Чүй облусунда 3, Ысык-Көл облусунда 1, Ош облусунда 2, Жалал-Абад облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.
Тогуз-Торо районуна караштуу Атай айылында ачык аянтта 30 тонна жыйылган чөп күйүп кеткен. Учурда өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.
Ошондой эле Кара-Суу районуна караштуу Кызыл-Кыштак айыл өкмөтүндө Портер үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен күйүп кеткен. Учурда унаанын ээси жана өрттүн чыгышына эмне себеп болгондугу такталууда.